Ростов-на-Дону - Ош - Ростов-на-Дону жаңы аба каттамы ачылды. Аэропорттун басма сөз кызматынан билдиргендей, биринчи каттам менен Ошко 60 жүргүнчү учуп келди. Алгачкы аба каттам ийгиликтүү ишке ашты.
Келген жана кетип жаткан жүргүнчүлөр аталган каттамдын ыңгайлуулугун белгилешти. Ростов-на-Донуга 83 жүргүнчү учуп кетти. Каттам жумасына бир жолу - бейшемби күндөрү жүргүзүлөт. Ошондой эле маалыматта “Манас” эл аралык аэропорту билеттердин баасына эч кандай таасир этпей турганыН жана жөнгө сала албастыгы айтылат. Ошондой эле билет сатуу менен алектенбейт. “Баа саясатын авиакомпаниялар аныктайт, алар ички эрежеге ылайык ишке ашырылат”, - деп айтылат маалыматта.