Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы НДПК партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алды. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны "добуш сатып алууга" айыптаган документтери негиз болду. Эгерде партия каршылыгын билдирсе үч күндүн аралыгында БШКга арыз менен кайрылса болот. Азыркы тапта жергиликтүү жана шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоонун жыйынтыгы колго эсептелүүдө. Акыркы жыйынтыктар чыга элек.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү 11-апрелдеги “добуш сатып алуу” фактысын иликтеп, анда добуш сатып алган адамдар НДПК партиясы менен байланышы бар экендигин тастыктады. Мындан улам Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы партияны шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алды.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, НДПК мындай чечимге макул болбосо үч күндүн аралыгында Боршайкомго кайрылса болот. Аталган партия Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо 7% чектен өткөн алты партиянын ичинен маарага үчүнчү болуп келген.
Учурда шайлоонун жыйынтыгы расмий чыга элек. Борбордук шайлоо комиссиясында жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоодогу добуштарды саноо иштери уланууда. Буга чейинки электрондук маалыматтар менен салыштырылгандан кийин расмий жарыяланат. Мыйзам боюнча БШК 2-майга чейин шайлоонун жыйынтыгын чыгарышы керек.
Эми добуштар колго эсептелип чыккан соң, жыйынтыгы жарыяланып, депутаттар кызматына киришет. Ал эми НДПК партиясы боюнча алардын берген арызына жараша мыйзам чегинде шаардык кеңештин курамына өтүү же четтетиле турганы аныкталат.