Жаңылыктар
Ташиев чек ара маселеси боюнча Кара-Суу районунун Савай айыл тургундары менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Ташиев чек ара маселеси боюнча Кара-Суу районунун Савай айыл тургундары менен жолугушту

УКМКнын төрагасы - мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиев, Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылынын тургундары менен жолугушту. 

Ташиев "Кемпир-Абад" суу сактагычы маселеси жана Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу суроолор боюнча жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрмө берди. Мындан мурда айылдын жашоочулары суу сакчагычтын жанына боз үй тигишип, УКМКнын башчысы менен жолугушууну талап кылышкан.