Жаңылыктар
Екатеринбургда өткөн туристтик көргөзмөдө Ысык-Көл облусуна "Өнөктөш аймак" макамы берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Екатеринбургда өткөн туристтик көргөзмөдө Ысык-Көл облусуна "Өнөктөш аймак" макамы берилди

Екатеринбургда өткөн туристтик көргөзмөдө Ысык-Көл облусуна "Өнөктөш аймак" макамы берилди. Эки күнгө созулган көргөзмөгө Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун демилгеси жана колдоосу менен кыргыз делегациясы катышып, туризм тармагы боюнча россиялык, чет өлкөлүк кесиптештер менен бир катар келишимдер түзүлдү. 

Ал эми Кыргызстандын көргөзмө павильону мекендештердин, консулдуктун колдоосу менен жасалгаланып, келгендерге улуттук суусундуктар, боорсок жана кургатылган жемиштер тартууланды. Ошондой эле чакан сүрөт көргөзмө уюштурулуп, туристтик компаниялардын жана санаторий мекемелердин таркатма материалдары сунушталды. Көргөзмөгө Россиянын аймактарынан тышкары, чет өлкөлүк туристтик агенттиктер, Армения, Болгария, Чехия, Хорватия, Малайзия, Израиль жана башка өлкөлөрдүн делегациялары катышты.