Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы НДПК партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алды. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны "добуш сатып алууга" айыптаган документтери негиз болду.
“Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү 11-апрелдеги “добуш сатып алуу” фактысын иликтеп, анда добуш сатып алган адамдар НДПК партиясы менен байланышы бар экендигин тастыктады”, - деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясы.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, НДПК мындай чечимге макул болбосо үч күндүн аралыгында Боршайкомго кайрылышы керек. Аталган партия Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо жети пайыздык чектен өткөн алты партиянын ичинен маарага үчүнчү болуп келген.