Бишкекте дагы үч мектеп окуу процессин убактылуу онлайнга өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, окуучулардын жана мугалимдердин саламаттыгы үчүн №24, №17 жана №67 мектептер азырынча онлайн иштейт.
Жалпысынан бул үч мектепте төрт окуучуда жана бир педагогдо COVID-19 табылган. Буга чейин борбор калаада сегиз мектеп жана эки бала бакча убактылуу онлайнга өткөн. Коронавирус аныкталган 19 мектеп ишин улантууда, алардагы 26 класс онлайн окуп жатат.
Мектептерди аралыктан иштөөгө толук өткөрүү же өткөрбөө маселеси коронавируска чалдыккан окуучу же мугалим менен байланышта болгондордун санына жараша чечилерин, чечимди санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери кабыл алышарын мэрия 14-апрелде билдирген. Бишкекте муниципалдык 97 орто мектеп бар.