Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушту.
Тараптар өлкөдөгү коронавирустун жайылышынын алдын алуу, дары-дармек каражаттары менен камсыздоо, калкты эмдөө маселеси боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты. Өз сөзүндө Артем Новиков БУУ тарабынан каралып жаткан долбоорлордун алкагында, өлкөнү каатчылыктан кийин калыбына келтирүү планын ишке ашыруу, ошондой эле, жакын арада ыктымал болгон коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкунуна даярдык иретинде Өкмөттү колдоого алуу боюнча долбоорлор каралып жатканын билдирди.
Ал өлкө аймагындагы маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эми Луиз Чемберлен өнөктөш катары социалдык жана гендердик мүнөздөгү маселелерде жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында, жакынкы арада бардык актуалдуу маселелер, анын ичинде өлкө жарандарын социалдык коргоо боюнча биргелешкен аракеттер планын даярдоо тууралуу сүйлөшүштү.