Талас облусуна каршатуу Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында 12-апрель күнү дайынсыз жоголгон 2 жаштагы Рамзан Айткуловду издөө иштери уланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, наристени издөө иштерин облус башчысы Бакытбек Нарбеков көзөмөлдөп жатат.
Белгилей кетсек, 12-апрелде 2 жаштагы Рамзан үйүнүн эшигинин алдында ойноп жатып, белгисиз себептер менен жоголуп кеткен. Окуя болгон жерге Талас ОИИБ менен Бакай-Ата РИИБдин ыкчам топтору барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Жоголгон баланын апасы саат 15:00 чамасында үй алдында кайын энеси менен кир жууп жаткан учурда, алардын жанында ойноп жүргөнү такталган. Жарым саат өткөн соң баланы издеп таппай калышкан. Баланы издөө иштерине Талас ОИИБдин жана Бакай-Ата РИИБдин 80ден ашык кызматкери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 20 кызматкери менен жергиликтүү айыл тургундары Кара-Суу жана Талас дарыяларын бойлоп издөө иштери жүргүзүп жатышат.
Божомолдорго караганда, 2 жаштагы бала Талас дарыясына түшүп кетиши мүмкүн. Учурда Талас дарыясынын жээгинде жана токойдо издөө иштери уланууда.
Талас ОИИБ Рамзанды көргөн-билгендер болсо, кабарлашып, жардам берүүнү суранат. Байланыш үчүн телефондор: 03457 32314, 03422 6 0547,0701 131396, 0701 601 629, 0779 102 153.