Жаңылыктар
Илияз Иманбетов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Илияз Иманбетов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Илияз Иманбетов Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү буйрукка үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Илияз Иманбетов бул кызматка дайындалганга чейин Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын начальниги болуп иштеп келген. Салык чөйрөсүндө 20 жылдан ашык иштеп келет, басымдуу бөлүгүндө жетектөөчү кызматтарды аркалаган.