Жаңылыктар
Матраимовго карата кылмыш иши токтотулуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Матраимовго карата кылмыш иши токтотулуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. УКМК мурда билдиргендей, 2021-жылдын 18-февралында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып жана аны камакка алуу түрүндө ага карата баш коргоо чарасы каралган. 

Белгилей кетсек, бул сотко чейинки өндүрүштү баштоого интернетте кеңири тараган Матраимовдун Дубайда кымбат мүлкү бар экендиги боюнча "Азаттык Медиа" мекемесинин журналисттик иликтөөсүнүн материалдары негиз болгон.

Бул иштеги чындыкты аныктоо максатында, Райымбек Матаримовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө кандайдыр бир мүлктөрүнүн болушу жөнүндө тергөө тарабынан КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын, Кытайдын, Түркиянын жана ошондой эле Бирикке араб эмираттарынын тиешелүү органдарына өтүнүчтөр жөнөтүлгөн. Аталган мамлекеттердин расмий документтерине ылайык, Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү жок болуп чыкты. Мындан улам, журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөөлөр ырасталган жок жана тергөөгө далил тапкан эмес, андан сырткары Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Кыргызстандын чегинен тышкары ар кандай кыймылсыз мүлктү сатып алуу фактыларын тастыктаган.

Буга байланыштуу, колдонуудагы жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, Раимбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылды. Ошол эле учурда, Матраимов өз ыктыяры менен базар баасы 20 млн. сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 чарчы метр батирин мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди.