Түркияда коронавирустун тездик менен жайылуусуна байланыштуу коменданттык саат күчөтүлдү.
Маалыматка ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн коменданттык саатты күчөтүп, Түркиянын шаарларына сапарга чыгууга тыюу салды. Коменданттык саат кечки 7ден таңкы 6га чейин болот.
Ошондой эле өлкөнүн башка шаарларына да каттоого убактылуу тыюу салынган. 12-апрелде Түркиядагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Россия 15-апрелден 1-июнга чейин чартердик аба каттамын токтоткон.