Жаңылыктар
Эттин баасы арзандайбы? Эттин баасынын кескин жогорулашынын себептери айтылды
Кыргызстан жаңылыктары
Эттин баасы арзандайбы? Эттин баасынын кескин жогорулашынын себептери айтылды

Вице-премьер-министр, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков эттин баасынын кескин жогорулоосунун себебин "Биринчи радионун" эфиринде айтып берди. 

Ал түшүндүргөндөй, эттин баасы тирүү малды Өзбекстанга экспорттоого уруксат берилгенден кийин кескин жогорулады. 

"Малдын экспортуна чектөө киргизүү менен да азыр биз мурдагы баага алып келе албайбыз, анткени аны кайра калыбына келтирүү абдан оор. Экинчиден өлкөдө малдын эти Араб эмираттарына да экспорттолот, бул дагы баанын өсүшүндөгү бир фактор" - деди Кармышаков. 

Министр белгилегендей, экспортко тыюу салуудан башка натыйжалуу чара тилекке каршы жок. Бирок башка тарабынан алганда биз базар шартында жашайбыз, малдын жана эттин баасынын жогору болуусу фермерлер үчүн пайдалуу.