Жаңылыктар
Борбордогу Перс адабияты борбору жаңылынды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордогу Перс адабияты борбору жаңылынды

Борбордогу Касымалы Баялинов атындагы жаштар жана балдар республикалык китепканада 2002-жылдан бери иштеп келе жаткан Перс адабияты борбору жаңылынды. 

Анын ачылыш аземине Ирандын элчиси Саид Харрази катышты. Элчи өз сөзүндө мындан ары борбордогу китептерге жана маданий баалуулуктарды сактоого чоң көңүл буруларын билдирди. Айтымында, перс адабияты биздин заманга чейин 9-кылымда перс тилинин адабий чөйрө катары жандануусу менен бир мезгилде пайда болгон адабий салтты билдирет. 

Миң жылдан ашуун убакыттан бери, ал жандуу жана өтө үзүрлүү каада-салт катары жашап келген. Аталган борбордо кыргыз, орус тилдерине которулган 4 миңден ашуун Иран китептери коюлган. Ошондой эле, мында перс тилинде акысыз негиздеги атайын курстар бар.