Жаңылыктар
Талас облусунда коронавируска каршы эмдөө башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Талас облусунда коронавируска каршы эмдөө башталды

Талас облусунда 13-апрелден тартып коронавируска каршы эмдөө башталды. Алгач, облустун дарыгерлери эмделүүдө. Андан тышкары, облустун аймак башчылары да кезек менен ала башташты. 

Алар эл арасындагы эмдөөгө каршы айтылып жаткан ар кандай айыңдарды төгүндөө максатында үлгү болушууда. Таласка 4 миң даана вакцина жеткирилген. Алгач медкызматкерлерге, мугалимдерге, социалдык кызматкерлерге, күч түзүмдөрүнө жана 65 жаштан жогору жарандарга берилет. 

Буга чейин ковид-19 менен ооруп, бирок, сакайганына 3 ай өтө элек кызматкерлер азырынча эмделбейт, ортодон дагы 2-3 ай өтүшү керек. Ал эми учурда эмдөө алып жаткандар 27-28 күндөн кийин дагы кайталап эмделишет. Эмдөө Таластын бардык аймактарында жүрүп жатат.