Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мамлекеттик чек аранын чек ара бөлүктөрүндө контрабанда иш-аракеттеринин алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
13-апрелде чек ара кызматы менен биргеликте Баткен районунун Кызыл-Жол айылынан болжол менен Пакистандан келген 3 тоннадан ашык лимон жана 5 тоннадан ашык мандарин жүктөлгөн Лейлек районунун тургундары унаасы менен кармалды. Такталгандай, кармалган жүк коңшу өлкө аркылуу чек ара жана бажы постторун айланып өтүп, каттоосуз жана бажы төлөмдөрүн төлөбөй киргендиги аныкталды. Коштоочу документтердин жоктугунан, товарларды кармоо боюнча актылар түзүлүп, кармалган унаалар бажы терминалына жеткирилди.
Учурда бажы органдары товарлардын чыккан өлкөсүн, ошондой эле төлөнө турган бажы алымдарынын көлөмүн аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.
Белгилей кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин "Экономикалык контрабанда" беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында, продукцияны мыйзамсыз ташуу менен алектенген адамдар контрабандалык жүктөрдү чакан партиялар менен экспорттой башташкан.