Кыргызстанда 2021-жылдын январь-февраль айларында ички дүң продукциянын көлөмү болжолдуу 118 млрд. сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,4 пайызга аз.
“Кумтөрдү” эске албаганда, ИДПнын көлөмү 106 млрд. сомго жакындап, 4,5 пайызга азайган. Өндүрүш продукциясынын көлөмү 73 млрд. сомдон ашып, өткөн жылга салыштырмалуу 17,9 пайызга түшкөн.