Борбор калаада "Абитуриент - 2021" аталышындагы эл аралык билим берүү көргөзмөсү өтүп жатат. Негизги максат - келечектеги студенттерге маалымат берүү, кесип тандоого көмөк көрсөтүү менен чет өлкөлөрдө билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү.
Экинчи жолу өтүп жаткан көргөзмөгө Россиянын 5 жогорку окуу жайы катышып, келишимдик негизде гана эмес, акысыз окууну да сунуштоодо. Иш-чара келечектеги студенттердин ар бир университеттин өкүлдөрү менен жеке баарлашып, бардык суроолоруна жооп алуусуна шарт түздү. Мындан тышкары, университеттер чет өлкөгө тажрыйба алмашуу программаларын дагы сунуштап жатат. Окууга өтүү тестирлөө менен коштолот. Документтерди кабыл алуу 19-июнда башталып, 15-июлда аяктайт.
“2020-жылы көргөзмөнү сыноо иретинде Анжиянда өткөргөнбүз. Бул жылы Кыргызстанда өткөрүп жатабыз. Мында студенттерге келишимдик окуу гана эмес, акысыз билим алууга да шарттар бар. Магистратура, аспирантура, доктарантураны окуугандарга да чоң мүмкүнчүлүк түзүлүүдө”,- деди уюштуруучу Чыңгыз Тахиров.
“Биздин университет буга чейин Алматыдагы көргөзмөгө катышкан. Эми Кыргызстанга келдик. Окуу жай студенттрге көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Биринчиден бардык шарттары менен жатакана, бюджеттик орундар, жалпы 70 балага квота бөлүнгөн. Спорттук эл аралык иш-чаралар өткөрулүп турат жана университеттин алкагында чет өлкөлөргө дагы окуп келүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт”,- деп билдирди Нижневартовск мамлекеттик университетинин проректору Буркит Махмутов.