Жаңылыктар
Социалдык фонд үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында 10 миң 147 кайрылуу кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Социалдык фонд үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында 10 миң 147 кайрылуу кабыл алды

Социалдык фонддун Call-борбору 2021-жылдын январь-март айларында 10 миң 147 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Үстүбүздөгү жылдын март айында Соцфонддун байланыш борборуна 1 076 кайрылуу түшкөн. Андан тышкары, сайт аркылуу 459 электрондук кайрылуу келген. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келет. Бул багытта "1202" кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.