Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу мыйзам бузуулар кылдат текшерилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу мыйзам бузуулар кылдат текшерилет

"Жалпыбыздын ишибиз" коомдук фондунун байкоочулары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү 101 мыйзам бузууну каттады. Алардын 65и Бишкекте, 36сы Ошто. Байкоочулардын укуктарын чектеген учурда Оштогу №5301 жана Бишкектеги 1332, 1343, 1028 участокторунда катталган.

Ошондой эле байкоочулары айрым шайлоо тилкелеринде бюллетендерди кайра эсептөө, чүчү кулак сыяктуу бузууларды каттоого алышкан. Мындан сырткары, добуш берүү күнүндө Оштогу № 5290, 5300, 5288, 5285, 5288, 5295, 5283 жана Бишкектеги 1334 жана 1314 шайлоо тилкелеринде үгүт иштери жүргүзүлгөн.

Кечээ, 11-апрелде Кыргызстандын 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ошол эле күнү кыргызстандыктар Баш мыйзамдын жаңы долбооруна добуш беришти.