Референдумда добуш берилген жалпы бюллетендин 6,94 пайызы жараксыз деп табылды. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Референдумга катышууга 3 млн 606 миң 225 жаран укук алган. Анын ичинен 1 млн 325 миң 254 шайлоочу же 36,75 пайызы добуш берген. Бул автоматтык түрдө санаган урналардагы добуштардын 96,34 пайызы эсептелгенден кийинки жыйынтык. Ага ылайык, жаңы Конституцияны шайлоого келгендердин 79,25 пайызы колдоп, 13,69 пайызы каршы добуш берген.