Шайлоо өнөктүгү жана референдум өткөрүү боюнча үгүт аралыгында 9-февралдан 10-апрелге чейин 34 арыз-даттануу катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын арыз-даттанууларды кабыл алуу боюнча жумушту тобунун жетекчиси Алмаз Асаналиев маалымат берди.
Келип түшкөн арыздын алтоо кайра кайтарылып алынды. Анын 15и Бишкек шаары боюнча. Азыркы тапта ар бир арыз кылдат иликтенип, анын үчөө соттук териштирүүгө өткөрүлүп берилди. Жумушчу топтун жетекчиси жарандарды добуш сатпоого, ал эми талапкерлерди бардык нормаларды так сактап, элдин тандоосу менен жеңишке жетүүгө чакырды. Мыйзам бузган учурда добуштарды жокко чыгаруу сыяктуу катуу чаралар көрүлөт.