Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумду өткөрүүдө эң ириде санитардык талаптардын сакталышына маани берилген. Анткени пандемиянын толкуну өтө элек жана жаңы түрүнүн тарашы боюнча кооптуулук сакталган.
Мындан улам Нарын облусундагы бардык шайлоо тилкелеринде 2ден медкызматкер иштеп, жеринде добуш берүүчүлөрдүн дене табын текшерип, колдоруна санитайзерден чачып киргизүүдө. Аны менен катар бекер бет каптар да таратылууда. Аралыкты сактоо боюнча да эскертүүлөр берилип, алдын ала чийиндер белгиленген.
Эске салсак, облуста 169 шайлоо тилкеси иштөөдө.