Шайлоо участкалары эртең мененки саат 8ден ачылып, кечки сегизде жабылат. Жарышка чыккан саясий уюмдардын эң көбү Бишкекте катталган, жалпы 25 партия ат салышууда. Өлкөдөгү шайлоочулардын коопсуздугун 11 миң милиция кызматкери көзөмөлдөп жатат.
Тартип сакчылары добуш берүүнүн жүрүшүн, шайлоо тилкелериндеги кырдаалды карап, коомдук тартипти жөнгө салып турушат. Бишкек шаарында ушул сааттарга карата шайлоочулардын агымы көбөйдү.