Премьер-министр Улукбек Марипов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Өкмөт башчы Кытай Өкмөтү тараптан коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза «Sinopharm» вакцинасы түрүндө көрсөтүлгөн көмөгүнө ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт, соода, инвестициялар, өлкөлөр ортосундагы авиакаттамдардын жандандырылышы боюнча эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын катарында «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү жайларынын ишин талкуулашты. Улукбек Марипов белгилегендей, көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иши тараптардын кызыкчылыгына дал келген жүк ташуулардын көлөмүн жогорулатууга жана мындан ары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз-ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Элчиси саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар жана башка тармактар боюнча техникалык көмөк көрсөтүүгө багытталган гранттык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча учурдагы абал тууралуу маалымдады. Өкмөт башчы Ду Дэвэнге кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле келечекте Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы эки тараптуу мамилелерди, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даярдыгын билдирди.