Кытайдан Кыргызстанга гуманитардык жүк келди. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кезектеги жүктү өткөрүп алышты.
Мекемеден билдиришкендей, иш-чарага саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты. Анда бир жолку колдонуучу коргонуучу кийим, кол кап, хирургиялык бет кап, коргоочу бет кап, көз айнек, бахила, халат, баш кийим, жасалма дем алдыруучу аппарат, ПЧР-тесттери болгон. Жардамдын жалпы суммасы 63 млн. сомдон ашат.
Алымкадыр Бейшеналиев Кытайдын өкмөтүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн достук мамилелеринин мындан ары өнүгүүсүнө ишенерин белгиледи.