Жаңылыктар
Бишкек шаардык милициясы окуучуларга жана балдарга аяр мамиле жасоого чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаардык милициясы окуучуларга жана балдарга аяр мамиле жасоого чакырды

Бишкек шаардык милициясы коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей балдарга аяр мамиле жасоого чакырды. 

Шаардык ички иштер башкы башкармалыгы айдоочуларга кайрылып, 18-январдан тарта, мектептерде 1-5-9 жана 11-класстар окуй баштаганын эскертти. 

"Шаардык милиция коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей класстын балдарына аяр мамиле жасоого чакырат. Аларга түшүнүү жана жоопкерчилик менен мамиле жасап, зарыл болсо жардамыңыздарды аябаңыздар. Жолдордо жана аялдамаларда этият болуңуздар, балдар бар жерден абайлап өтүңүздөр жана суукта калтырбай алып кетиңиздер", — деп жазылган билдирмеде. 

Ошондой эле жоголгон окуучуну кезиктирип калгандарды жакынкы аралыктагы милиция бөлүмүнө тапшырып же күнү-түнү иштеген "102" номерине чалып коюуну өтүнүштү.