Жол кирени көтөрүүнү талап кылган маршруттук кичи автобустардын айдоочуларынын айтымында, көбү унааларын насыяга алып иштетишет. Мындан сырткары, тапкан акчасын жашаган батиринин ижара акысына, унаанын тетиктерин алууга коротушат.
Жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү талабына Бишкек мэриясы жооп кайтарып, маршруттук унаа айдоочулар иш таштай турган болсо, Бишкек мэриясы ташып жеткирүүчү компаниялардын лицензиясын чакыртып алууну суранып Транспорт министрлигине кайрыла турганын билдирген.