Жаңылыктар
Эпидемиологиялык абал
Кыргызстан жаңылыктары
Эпидемиологиялык абал

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 123 адамдан табылып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлады. Бишкекте вирус - 42 адамдан, Ошто – 1, Чүй облусунда - 33, Ош облусунда – 10, Талас аймагында 2, Нарын облусунда - 7, Ысык-Көлдө- 22 кишиден табылды. Ошол эле учурда 128 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда 796 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 4 бейтап дарыланууда. Кыргызстанда жалпы 83 миң 109 адам илдет жуктуруп алган. Алардын ичинен 78 миң 994 киши айыгып чыкса, 1 миң 384 адам каза болду.