Кинорежиссёр, оператор Дастан Жапар уулу Бакыт Мукул менен биргеликте тарткан "Акыркы көч" тасмасы он тогузунчу “Дакка эл аралык кинофестивалына” катышат. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондунан билдиришти. Иш-чара Бангладештин борбор калаасында 16-январда башталып, 24-январга чейин созулат. "Акыркы көч" тасмасы "Азия киносу" сынагынын алкагында көрсөтүлмөкчү. Фильмде Марат Алышпаев, Шайыр Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Үсөнова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор роль жаратып, ак-кара түстө тартылган. Буга чейин тасма Таллинде өткөн "Темные ночи" кинофестивалына катышып, кинонун дүйнөлүк премьерасы Эстонияда болгон.