Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын январь-ноябрь айларында салык жана төлөмдөрдөн 70 миллиард 274 миллион 900 миң сом чогулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматында айтылат. Салыктык иш жүзүндө түшкөн кирешелер 69 миллиард 383 миллион 300 миң сомду же 70 миллиард 857 миллион 500 миң сом суммасында болжолдонгон көрсөткүчтөрдүн 97,9 пайызын түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелер 227 миллион сомго аз түшкөн.