Жаңылыктар
Эми "Кыргыз Петролеум" мунай заводу күйүүчү майдын 3 түрүн чыгарат
Кыргызстан жаңылыктары
Эми "Кыргыз Петролеум" мунай заводу күйүүчү майдын 3 түрүн чыгарат

 Жалал-Абад шаарындагы "Кыргыз Петролеум" мунайды кайра иштетүүчү завод "Кыргызнефтегаздан" өндүрүлгөн мунайды кайра иштетип, күйүүчү майдын 3 түрүн чыгарат. 

Бирок, өндүрүлгөн продукция Евразиялык экономикалык биримдиктин талабына жооп бербейт. Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Заводко Евро-4 жана евро-5 сапаттуу күйүүчү майга өндүрүү талабы коюлган. Ал үчүн ишкананы модернизациялоо маселеси келип чыккан. Азыркы күндө техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалууда. Модернизациялоого болжол менен жүз миллион доллардан ашуун каражат керектелет.

“Өкмөт каражат булагын издеп жатабыз. Заводдун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болуп, модернизациялоого жумшала турган так сумма аныкталган соң, биз орус-кыргыз фондуна кайрылып, каражатты заводго буралы деген ойлорубуз бар. Өкмөт ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз, буйруса. Бүгүнкү күндө Россия көпчүлүк стандарттарга келип калды. Бизде да этап-этабы менен жолго коебуз”, - деп билдирди вице-премьер-министр
Равшанбек Сабиров.


“Модернизациялоодон өткөрүүгө көп убакыт керектелет. Техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп чыгууга эле 3 ай убакыт керек болот. Андан кийин проектированиясына 2 жылдай мөөнөт керек болот. Биз мөөнөтүндө бүтүрүүгө аракет кылабыз. 2023-жылга чейин модернизациядан өтүш керек деген талап коюлган.” - дейт "Кыргыз Петролеум Компани" ЖАКнын өндүрүш боюнча директору Азамат Каримов