Жаңылыктар
Мас абалында тапанча көтөрүп, ызы-чуу салган жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Мас абалында тапанча көтөрүп, ызы-чуу салган жаран кармалды

 Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда мас абалында тапанча көтөрүп, ызы-чуу салган жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Ак-Талаа райондук ички иштер башкармармалыгына 12-январь күнү болжол менен саат 16:30 чамасында “Баетов айылында жайгашкан райондук администрацияга белгисиз адам мас абалында келип тынчтык бербей, колунда тапанча көтөрүп жүрөт” деген билдирүү келип түшкөн. 

Ошол замат ыкчам тергөө тобу айтылган дарекке барып, ызы-чуу чыгарган адамды кармаган. Ал Чүй облусунун 41 жаштагы жараны экендиги аныкталып, жанында пневматикалык тапанчаны эч кандай далилдөөчү документтери жок көтөрүп жүргөндүгү такталган. 

Аталган факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин ээнбаштык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Райондук соттун чечими менен аталган жаран эки айга камакка алынды. Азыркы учурда тийиштүү соттук-экпертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.