Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар драматург Бексултан Жакиевдин бүгүн туулган күнү. Чыгармачыл улуу инсан 85 жашка чыкты.
Мыкты чыгармаларды жаратып, элибиздин рухий казынасын байытып жаткан таланттуу драматургду туулган күнү менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков куттуктады.
Бексултан Жакиевдей нарктуу, дөөлөттүү адамдар уюткулуу кыргыз элинин тиреги жана таянар тоосу. Мындай нускалуу адамдар кыргыз элине, келечек муунга үлгү жана өрнөк.
Белгилей кетсек, Бексултан Жакиев “Атанын тагдыры”, “Миң Кыял”, “Саадак какты”, “Алтын аяк”, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” деген сыяктуу мыкты пьесалардын автору.