Жаңылыктар
Бишкектен жана Оштон Кувейтке авиакаттам ачуу каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектен жана Оштон Кувейтке авиакаттам ачуу каралууда

 2021-жылдын 2-февралынан баштап Кувейт-Ош-Кувейт каттамын калыбына келтирүүнү жана 4-февралдан баштап Кувейт-Бишкек-Кувейт багытын ачуу каралууда. 

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Талантбек Солтобаев менен "Jazeera Airways" авиакомпаниясынын кирешелерди башкаруу жана тармактык пландаштыруу боюнча вице-президенти Ратанкумар Ратнакардын аба каттамдарын ачуу маселелери боюнча жолугушуусу болуп өттү. 

Мындан тышкары, Солтобаев Кыргызстан чет өлкөлүк авиакомпанияларга бешинчи даражатагы аба каттамга укук берүү жөнүндө бир тараптуу чечим кабыл алынганын белгилеп, "Jazeera Airways"авиакомпаниясынын вице-президентине аба эркиндигинин бешинчи деңгээли боюнча учууларды аткаруу мүмкүнчүлүгүн кароого чакырды. 

Жыйынтыгында тараптар аба каттамдарынын ачылышы туризмдин өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын кеңейишине түрткү берерин белгилешти.