Жаңылыктар
Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамы кайра жанданат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамы кайра жанданат

Ушул жылдын 18-январынан тарта Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамы кайра жанданат. Бул тууралуу"Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. 

Ал эми авиакаттамдарды “Tez Jet” авиакомпаниясы аткарат. Учак ар жуманын дүйшөмбү күнү учуп, учуу узактыгы 1 саат 15 мүнөттү түзөт. 

Эске салсак 2020-жылы аэропортко мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылган. 

Исфана аэропортун реконструкциялоо долбоорунун алкагында учуп-конуу тилкеси, аба кемелерди токтотуучу жай жана перрон оңдолгон.