Жаңылыктар
Ысык-Көлдө салмагы 6 киллограмдан ашык ымыркай төрөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө салмагы 6 киллограмдан ашык ымыркай төрөлдү

 Караколдун жашоочусу 38 жаштагы аял салмагы 6 кг 640 грамм болгон ымыркайда жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ымыркай 14-январда Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө кесарево жолу менен төрөлгөн. 

Министрликтен эне-баланын абалы жакшы экендигин кошумчалашты.