Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чаржыйт соода жүргүзгөндөргө эскертүү берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарында чаржыйт соода жүргүзгөндөргө эскертүү берилди

 Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында чаржайыт соода жүргүзгөндөргө рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, текшерүүгө биринчи вице-мэр Нуртилек Орозбаев, шаардык кеңештин айрым депутаттары жана тийиштүү тармактардын жетекчилери биргеликте чыккан. Аллеяларда ыңгайсыздык жараткандарга эскертүү берилип, уруксат берилбеген жайларда соода жүргүзүүгө тыюу салынарын жана бул талаптар аткарылбаса административдик чараларды көрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Эскерте кетсек, шаарды иретке келтирип, базардагы башаламандыкка бөгөт коюу иштери дагы улантылат.