Жаңылыктар
Чет элдик жаран пара берүү фактысы боюнча кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Чет элдик жаран пара берүү фактысы боюнча кармалды

 Пара берүү фактысы боюнча чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 15-январда УКМК тарабынан Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча кызмат адамына пара берип жаткан жеринен чет мамлекеттердин биринин жараны жана анын шериги кармалды.

Такталган маалымат боюнча, кармалган адам Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерине жергиликтүү тургунду ортомчу кылып коңшу мамлекеттин аймагына өткөрмө пунктан тышкары жерден мыйзамсыз өткөрүү үчүн акча каражатын сунуш кылгандыгы аныкталды. 

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды Кармалгандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.