Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин депутаты коррупция фактысы боюнча кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңештин депутаты коррупция фактысы боюнча кармалды

Коррупция фактысы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти. 

Учурда УКМК Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштү иликтөөдө. 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутатка УКМКнын тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды. 

Ошол эле күнү УКМК менен ИИМдин тергөө кызматынын биргелешкен ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү Жантай Шаменов Чүй облусунун аймагында кармалды. Ал Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси боюнча шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.