Жаңылыктар
Түркиянын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Түркиянын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу башталды

 2021-2022-окуу жылына карата "Түркиянын стипендиясы" программасынын алкагында Түркиянын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка караганда, стипендиялык программага өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү ушул жылдын 10-январынан 20-февралына чейин илим берүүнүн бардык академиялык деңгээлдерине кабыл алынат.

 Программага катышуу үчүн талапкерлер www.turkiyeburslari.gov.tr сайтындагы өтүнмөнү электрондук формасын толтуруп жана системага керектүү документтерди жүктөөсү керек. 

Эскерте кетсек, жеке өзү берген же почта боюнча жөнөтүлгөн өтүнмөлөр кароого кабыл алынбайт. Ошондой эле, өтүнмө берүү үчүн акы алынбайт. 

Толук маалымат үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Билим берүү кеңешчилигине 0312 627312 байланыш телефону акрылуу кайрылса болот.