Жаңылыктар
COVID-19: Кыргызстандагы соңку кырдаал - 16.01.2021
Кыргызстан жаңылыктары
COVID-19: Кыргызстандагы соңку кырдаал - 16.01.2021

 Соңку сутка ичинде коронавирус 129 адамдан табылып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус - 54 адамдан, Чүй облусунда - 34, Ош облусунда - 9, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 20, Баткен облусунда - 3, Жалал-Абад облусунда - 4 кишиден табылган. 

Ал эми бир сутка ичинде 151 адам коронавирустан айыгып чыкты.

 Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 799 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 9 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Үй карантининен 2, стационардан 2 медкызматкер айыгып чыкты. 

Пандемия башталгандан бери 4 миң 150 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 50 медкызматкер айыгып чыкты. 

Белгилей кетсек, өлкөдө пандемия башталгандан бери 82 миң 986 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 78 миң 866 киши айыгып чыкса, 1 миң 382 адам каза болду.