Жаңылыктар
Дүйнөдө вирус жуктургандардын саны 93 миллиондон ашты
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөдө вирус жуктургандардын саны 93 миллиондон ашты

 АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда, дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 93 миллиондон ашты. 

Илдеттен 2 миллион 8 миңден көп адам көз жумду. Каза тапкандардын басымдуу бөлүгү АКШда катталып, дээрлик 390 миң адам кайтыш болсо, андан кийин Бразилияда - 207 миң, Индияда - 150 миңден ашык бейтап көз жумду. 

Ал арада коронавирустун жаңы штаммы жайылып, Европанын айрым өлкөлөрү коменданттык саат киргизүүдө. Коронавирустун мутацияланган жаңы түрү Улуу Британиядан кийин эле Швейцария, Словакия, Румыния, Франция сыяктуу Европа өлкөлөрүндө жана акыркы жумада Орусияда аныкталды. 

Мындан тышкары, вирустун дагы бир башка түрү Жапонияда катталган. Адистердин айтымында, ал Бразилиядан келген болушу ыктымал экени айтылууда. Буга байланыштуу Токиодо 7-февралга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген. 

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери АКШ жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө вируска каршы “BioNTech” жана “Moderna” вакциналары, Орусияда “Спутник V”, “ЭпиВак-Корона” вакциналары, Кытайда да жергиликтүү вакциналар эмдөөдө колдонулуп жатат.