Жаңылыктар
Өлкөдө эттин баасын түшүрүү үчүн тирүү малды импорттоо механизми сунушталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө эттин баасын түшүрүү үчүн тирүү малды импорттоо механизми сунушталууда

Кыргызстанда эттин баасын түшүрүү үчүн тирүү малды импорттоо механизми сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн өткөн маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев билдирди. 

Ага ылайык этти эмес, өлкөгө малды тирүү алып келип, ички рынокту мал менен толтуруу маселеси көтөрүлүп жатат. Ошол эле учурда эгер мал көп келе турган болсо, алардын баасы бир топ түшүп кетпеши үчүн сыртка экспорттоо механизми иштелип жатканын айтты.