Жаңылыктар
Таласта 2020-жылы 67 миң тонна төө буурчак экспорттолду
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта 2020-жылы 67 миң тонна төө буурчак экспорттолду

Бул ишкана төө буурчакты тазалап, чаңынан арылтып, сорттоочу ишкана. Баардык жумуш бул жабдыктын жардамы менен ишке ашкандыктан мурдагыдай адамдын колун талап кылбайт. 5-6 гана адам бир канча миң тонналаган төө буурчакты кардарларга даярдайт. 

Мында 25, 50 килодон төө буурчак таңгакталып, сыртка чыгарылат. Ишкана 3 жылдан бери Европага, Оруссияга төө буурчакты туруктуу экспорттоп жатат.