Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде эмгектенип жүргөн кыргыз жарандары да пенсия ала алышат. Аталган уюмдун алкагындагы пенсиялык макулдашуу күчүнө кирди.
Буга чейин Россияда мыйзамдуу эмгектенген мигранттар социалдык төлөмдөрдү төгүп, бирок пенсиялык укуктарга ээ болушкан эмес. Макулдашуу ЕАЭБдин бардык мүчө мамлекеттеринде колдоо таап, ратификацияланган.