Жаңылыктар
Президенттик башкарууну тандаган шайлоо өлкөнүн өнүгүү жолундагы туура багыт
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттик башкарууну тандаган шайлоо өлкөнүн өнүгүү жолундагы туура багыт

Мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо жана жалпы элдик добуш берүү калың элдин өзгөрүүгө, жаңыланууга болгон каалоосун айгинеледи. 

Мамлекеттик башкарууда орун алган сенектик мезгил, элдин турмушу менен экономика четте калган саясий салгылаштар жарандардын дал ушундай тандоо жасоосуна түрттү. Алар бийликтен өтүмдүү кадамдарды жана жоопкерчиликти күтүүдө. Мындай пикири менен саясат талдоочулар бөлүштү.