Жаңылыктар
Алтын-Ордо конушунун тургундары социалдык көйгөйлөрдүн чечилбегенине нааразы
Кыргызстан жаңылыктары
Алтын-Ордо конушунун тургундары социалдык көйгөйлөрдүн чечилбегенине нааразы

Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Алтын-Ордо конушунун тургундары бийлик өкүлдөрүнө бир нече ирет кайрылып келишкен. Жаратылыш газы жеткирилген эмес, бала бакча жок, жол көйгөйү да олуттуу маселе.

Тургундар маршруттук каттам да жок экенин айтып жатышат. Шаарга баруу үчүн негизги жолго чейин 40-50 мүнөт жөө басууга туура келет.

 Чогулгандар айрыкча жергиликтүү бийликти сындап жатышат. Алтын-Ордодо көйгөйлөр көп экенин жергиликтүү бийлик да жашырбайт. Сокулук районунун жетекчилиги алардын көпчүлүгү чечиле турган маселе экенин, каржы булактары караштырылып жатканын кабарлады.

Алтын-Ордо конушунда 3 миңдей адам жашайт. Андагы көйгөйлөр бири-бирине байланган. Маршруттук каттамды уюштуруу үчүн жол да оңдолушу керек. Бул маселелер жергиликтүү тургундарга айрыкча кыш мезгилинде түйшүк жаратып жатат.