Жаңылыктар
Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгына арналган конференция өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгына арналган конференция өттү

Кыргыз Республикасынын Батыры, Кыргыз Эл жазуучусу, көрүнүктүү коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгына арналган “Төлөгөн Касымбеков - улуттук тарыхый романистиканын залкары” деген темада эл аралык илимий-тажрыйбалык онлайн конференция өттү. Анда чыгаан жазуучунун ысмын түбөлүккө калтыруу боюнча маселе көтөрүлдү.

Конференцияда чыгаан жазуучунун өмүр жолу жана чыгармачылыгы, чыгармаларында кыргыздардын 19-кылымдын экинчи жарымындагы 20-кылымдын башындагы тарыхый окуялардын чагылдырылышы, элибиздин тарыхый аң-сезимин ойготуп, өнүктүрүүдөгү, эгемендүүлүктүн пайдубалын түптөөгө кошкон салымы тууралуу баяндалды.