Бишкек мэриясы инвесторлор менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишими аркылуу жүргүнчүлөрдү ташууга 30 каттам ачуу боюнча долбоор иштеп чыкты. Бул тууралуу Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ташууга ылайыкташтырылган 350 автобусту газ же электр кубаты менен киргизүү каралууда. Бирок долбоорду ишке ашыруу үчүн мэрия ишкерлерге автобустарды сатып алуу боюнча келишим түзүү сунушу менен кайрылды. Азыркы тапта жаңы автобустарды алууга муниципалитеттин каражаты жетишсиз.
“Учурда экологиялык таза электр автобустарды шаарга алып келүү пландалууда. Бишкек шаарынын мэриясы бизнесмендерге жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш алып баруу боюнча кайрылат. Биринчи газ, электр автобустар болуш керек. Анан бир катар талаптар да бар”,- деди Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев.