Январь-февраль айларындагы социалдык төлөмдөргө, анын ичинен пенсия, жөлөк пул, бюджеттик мекемелерге айлык акыларды убагында берүүгө каражат жетиштүү. Бул тууралуу Каржы министри Кыялбек Мукашев маалымат берди.
Азыркы тапта бул жагынан каржылык маселе жаралган жок. Эгерде Социалдык фонддо тартыштык болсо Каржы министрлиги жардам берүүсүнө мыйзам жол берет, - деди министр. Мындан сырткары министр тышкы карызды төлөөгө көмөктөшүүнү каалагандар үчүн депозиттик эсепке түшкөн каражат жана экономикалык мунапысты колдонгон ишкерлер, коррупциялык ишин мойнуна алгандар жана жөнөкөй жарандар өз ыктыяры менен акча которгон эсептеги суммалар тууралуу да маалымат берди.